Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2018-жылдын 27-декабры № 16/1
«2018-жылда Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2019-жылга милдеттери жөнүндө» айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдурахмановдун отчету
«2018-жылда Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2019-жылга милдеттери жөнүндө» айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдурахмановдун отчетун угуп жана талкуулап, Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.«2018-жылда Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2019-жылга милдеттери жөнүндө» айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдурахмановдун отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2.«2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылында» айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасынын алкагында аткарылган иштерди улантуу, ички жана тышкы мүмүкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу менен айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган конкретүү иш чараларды жүрүгүү;
-чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, жеке ишкерлерди колдоо, эл аралык уюмдар, өнөктөштөр менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп, инвестиция тартуунун көлөмүн көбөйтүү, жаңы жумуш орундарды ачуу менен айылдардын калкынын жашоо денгээлин көтөрүүгө түзүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагы Уч-Коргон айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Х. Джалалов |