Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-февралы №28/117
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020–жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, күн тартибиндеги шаардык кеңештин 2020–жылга карата иш планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, иш планды талкуулоодо шаардык кеңештин депутаттары тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2020–жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрайымы У.Дариповага, орун басарлары А.Мамадиевге, М.Миркадыровго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы)
2020-жылдын 06-февралындагы кезектеги
28-сессиясынын №28/117 токтомуна 1-тиркеме
И Ш П Л А Н Ы
№ | Каралуучу маселелер | Мөөнөтү | Ким аткарат | Жооптуу |
1. | Кызыл-Кыя шаарынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2019-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө | 2020-жылдын 1-кварталы
| Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
2. | Кызыл-Кыя шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө
| 2020-жылдын 1-кварталы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
3. | Кызыл-Кыя шаарынын 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттери- нин божомолу жөнүндө | 2020-жылдын 1-кварталы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
4. | Кызыл-Кыя шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын: – 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндө – 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндө | 2019-жылдын
июль айы,
октябрь айы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
|
5. | Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүч–төрүнүн 2019–жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин отчету жөнүндө | 2020-жылдын 1-кварталы | Кызыл-Кыя шаарынын мэри | Аппарат жетекчи, башкы адис |
6. | “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга иш-планы жөнүндө
| 2020-жылдын 2-кварталы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
7. | Үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктун алдын алуу жана балдарды коргоо боюнча шаардын мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 2020-жылдын 2-кварталы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
8. | Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык башкармалыгынын 2019-жылда жүргүзгөн иштери жана 2020-жылга иш-планы жөнүндө
| 2020-жылдын 2-кварталы | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуни- кация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
9. | Кызыл-Кыя шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгын жана шаардык эмгек, миграция бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө
| 2020-жылдын 2-кварталы | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
10. | Аялдар кеӊешинин аткарган иштери жөнүндө | 2020-жылдын 3-кварталы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
11. | Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2020-жылдын 6 айына карата аткарган иштери боюнча отчету | 2020-жылдын 3-кварталы | Кызыл–Кыя шаарынын мэри | Шаардык кеңештин аппараты |
12. | Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБүнүн жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жол–транспорт кырсыктарынын алдын алуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жол белгилерин орнотуу, автопарковкаларды пайдалануу боюнча аткарган иштери жөнүндө | 2020-жылдын 3-кварталы | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Шаардык кеңештин аппараты |
13. | Кызыл-Кыя шаарында маданият тармагын өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 2020-жылдын 3-кварталы | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
14. | Кызыл-Кыя шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин, жаштар борборунун аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө | 2020-жылдын 3-кварталы | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
15. | Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө | 2020-жылдын 4-кварталы | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
16. | Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүү тармагында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө | 2020-жылдын 4-кварталы | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
17. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынын жана Кызыл-Кыя шаардык архитектурасынын 2019-жылда аткарган иштери жөнүндө | 2020-жылдын 4-кварталы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
Уюштуруу иштери |
| |||
1. | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 08-январындагы «2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» №1 ПЖ Жарлыгын аткаруу боюнча иш–аракеттерди жүргүзүү: – Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттары аркылуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун ушул Жарлыгын элге жеткирүү; – шаарда «Санарип аймак» электрондук платформасын киргизүүгө көмөктөшүү. | Жыл ичинде | Шаардык кеңеш, шаардын мэриясы | Шаардык кеңештин аппараты |
2. | Шаардык кеңештин депутаттары менен окуу кеңешмелерин өткөрүү | Жыл ичинде | Шаардык кеңеш | Шаардык кеңештин аппараты |
3 | Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарынын башка шаардык кеңештердин депутаттары менен тажрыйба алмаштырууну уюштуруу | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин аппараты | Шаардык кеңештин аппараты |
4 | Шаардык кеңештин сессияларында жана шаардык кенештин туруктуу комиссияларынын отурумдарында кабыл алынган токтомдордун, чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин турууктуу комиссиялары. Шаардык кенештин аппараты | Шаардык кеңештин аппараты |
5 | Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушууларын уюштуруу жана ал жолугушууларда айтылган сын–сунуштарынын аткарылышын көзөмөлдөө | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин аппараты | Шаардык кеңештин аппараты |
Аппарат жетекчи: Р. Абдукаюмов