Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 28-сессиясы
2020-жылдын 6-февралы №28/122
Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Тазалык” муниципалдык мекемесинин шаардын жана шаарга караштуу айылдардын аймагынан каттуу тиричилик таштандыларын (мусорлорун) алып чыгууга көрсөтүлүүчү кызматтардын жогорулатылган прейскуранттык бааларын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020–жылдын январындагы №76 протоколунун чечимин жана Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Тазалык” муниципалдык мекемесинин 2020–жылдын 23–январындагы №08 кайрылуу катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарынын жана шаарга караштуу калктуу конуштардын аймагынан каттуу тиричилик таштандыларын (твердо-бытовых отходов) алып чыгууга баалардын прейскуранты төмөнкүдөй бекитилсин:
1) көп кабаттуу үйлөрдө жашаган жашоочулар үчүн бир кишиге 1 айга – 19-20 сом;
2) жер үйлөрдө жашаган жашоочулар үчүн бир кишиге 1 айга – 22-80 сом;
3) булганыч суюктуктарды алып чыгууга 1 м3 – 147-60 сом;
4) бюджеттик мекемелер үчүн 1 м3 таштандыга – 289-13 сом;
5) коммерциялык жана өнөр жай ишканаларына 1 м3 таштандыга – 289-13 сом.
2. Шаардын аймактарынан каттуу тиричилик таштандыларын алып чыгууга “Кызыл–Кыя Тазалык” муниципалдык мекемеси менен келишим түзүүдөн баш тартышып жаткан менчигинин түрүнө карабай мекеме-ишканалар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен 1 айлык мөөнөттө келишимдерди түздүрүү жагы Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3. Шаардын “Кызыл–Кыя Тазалык” муниципалдык мекемесинин жетекчилигине абоненттердин санын көбөйтүү жагы жана шаардык кеӊештин ушул токтому менен жогорулатылган бааларды пайдалануудан түшкөн каражаттар боюнча 6 айлык мөөнөттө шаардык кеӊешке маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына жана “Кызыл–Кыя Тазалык” муниципалдык мекемесинин жетекчилигине, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына шаардын жана шаарга караштуу калктуу конуштардын аймагынан каттуу тиричилик таштандыларын алып чыгууга баалардын прейскурантынын жогорулашы боюнча калк ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
5. Шаардык кеӊештин ушул токтому шаардык гезитке жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирди деп эсептелсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |
“Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Тазалык” муниципалдык мекемесинин
шаардын жана шаарга караштуу айылдардын аймагынан каттуу тиричилик
таштандыларын (мусорлорун) алып чыгууга көрсөтүлүүчү кызматтардын жогорулатылган
прейскуранттык бааларын бекитүү жөнүндө” шаардык кеңештин
2020-жылдын 06-февралындагы №28/122 токтомуна 1-тиркеме
Кызыл-Кыя шаарынын аймагынан каттуу тиричилик таштандыларын (КТТ) алып чыгууга баалардын көтөрүлүшүнүн динамикасы
К-р № | Көрсөтүлүүчү кызматтардын аталышы | Өлчөө бирдиги | III 2007 | V 2008 | Өсүү % | VI 2010 | Өсүү 20 % | II 2020 20% га көтөрүл- гөндө |
1. | Шарттары жакшы (көп кабаттуу) үйлөрдөн КТТ алып чыгууга бир кишиге 1 айга |
сом |
8-00 |
9-00 |
12,5 |
16-00 |
3-20 |
19-20 |
2. | Шарттары начар (жер үйлөрдөн) КТТ алып чыгууга бир кишиге 1 айга |
сом |
9-33 |
10-50 |
12,5 |
19-00 |
3-80 |
22-80 |
3. | Булганч суюктарды (жидких нечистот) алып чыгууга 1 м3 |
сом |
|
|
|
123-00 |
24-60 |
147-60 |
4. | Бюджеттик мекемелерден КТТ алып чыгууга 1 м3 таштандыны алып чыгууга (СФко чегерүү 17,25%, плановые пландаштырылган чогултуулар10%, кошумча чыгымдар 10%) эсепке алуу менен |
сом |
|
|
|
167-00 |
33-40 |
200-40 289-13 |
4. | Коммерциялык жана өнөр жай ишканаларынан КТТ алып чыгууга 1 м3 таштандыны алып чыгууга (СФко чегерүү 17,25%, плановые пландаштырылган чогултуулар10%, кошумча чыгымдар 10%) эсепке алуу менен |
сом |
|
|
|
167-00 |
33-40 |
200-40 289-13 |
Кызыл–Кыя шаардык кеӊешинин
аппаратынын жетекчиси Р. Абдукаюмов