Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-марты №6
“САSА-1000”долбоорунун алкагында электр чубалгыларына жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы “САSА-1000”долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү № 105 –токтомун ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №1-26/703 сандуу тапшырмасын аткаруу максатында жана Кара-Булак айылдык Кенешинин У1-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”САSА-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомунун негизинде, Ош жогорку чыналуудагы электр тармактар ишканасы долбоордогу 500 КВ тук аба чубалгысын куруу үчүн 49 даана электр чубалгыларынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн кызыкчылы үчүн берилүүчү Соц.пакеттерди жана гранттарды эске алуу менен 18125м2жер аянты 49 жылдык мөөнөттүү пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | И.Тилеков |