Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-марты №7
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт комитетинин иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт комитетинин төрагасы Р.Талиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт комитетинин 2020-жыл үчүн иш планы жана бюджети бекитилсин.
2.Иш планга ылайык иш алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Р.Талиевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | И.Тилеков |