Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры № 25
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардан Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардан Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Астанакуловдун билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Сай айылынын тургуну Эрматов Абдигапардын, Согмент айылынын тургуну Жоробаева Сайдагүлдүн, Газ айылынын тургуну Ысманов Алмазбектин жана Таян айылынын тургуну Мидинов Убалижандын талапкерлиги бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С. Астанакуловко жүктөлсүн.
Төрага | А. Зикиров
|