Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры № 27
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Сөгөт участкасынан жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдердин турак жайга болгон муктаждыктарын чечүү жана мамлекеттик чек араны бекемдѳѳ максатында айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси А.Жусубалиевдин баяндамасын угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Сөгөт участкасынан №406-контурунан 37,2га жер аянты жайыт жер, №408-контурундагы 22,9 га жер жайыт, №423-контурундагы 32,8 га жер жайыт, №424-контурундагы 14,15 га жайыт, №425-контурундагы 3,44 га жер кургак сай, № 426-контурундагы 3,77 га жер жайыт, №427-контурундагы 19,46 га жер жайыт, №428-контурундагы 0,5 га жер жайыт, №430-контурундагы 0,94 га жер жайыт, №432-контурундагы 0,75 га жер жайыт, №433-контурундагы 2,9 га жер жайыт (ферме), №466-контурундагы 13,35 га жер жайыт, №467-контурундагы 0,72 га жер сай, №467-контурундагы 7,12 га жайыт жерлер жалпы 160 га жер аянты айыл чарба багытындагы жерлер категориясына калктуу конуштун жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Зикиров
|