Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы № 16
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагына караштуу Бай- Кара-бак айылынын тургуну Пазылов Абдиманнап Саттаровичдин өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 7.04.2003-жылы №3-65 сандуу токтому менен 15-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пазылов Абдиманнап Саттаровичке Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 7.04.2003-жылы № 3-65 сандуу токтому менен 15-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы: |
А.Айдаров |