Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2020-жылдын 11-февралы № 17
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну Курбанов Мамад Тухсановичдин өз арызынын негизинде Кара-Бак айылдык кенеши тарабынан 29.06.1991-жылы №31 сандуу токтому менен 1-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курбанов Мамад Тухсановичдин Кара-Бак айылдык кенешинин 29.06.1991-жылы № 31 сандуу токтому менен 1-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы: |
А.Айдаров |