Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы № 18
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Баткен шаарынын тургуну Тажиев Анаркулдун өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 23.05.2003-жылы №6-171 сандуу токтому менен 1-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,10 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тажиев Анаркулга Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 23.05.2003-жылы № 6-171 сандуу токтому менен 1-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,10 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы: |
А.Айдаров |