Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы № 19
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айылынын тургуну Нарботоев Аким Маматовичдин өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 27.08.2002-жылы №8-1142 сандуу токтому менен 7-катарда турак жай куруу үчүн берилген 132м2 жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарботоев Аким Маматовичке Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 27.08.2002-жылы № 8-1142 сандуу токтому менен 7-катарда турак жай куруу үчүн берилген 132м2 жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы: |
А.Айдаров |