Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы № 22
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылынын түштүк тарабындагы 0,80 га жер аянтын короо куруу максатында Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылынын түштүк тарабындагы 0,80 га жер аянтын короо куруу максатында Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы: |
А.Айдаров |