Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезекcиз XIX сессиясы
2019-жылдын 19-июну № 19/7
Уч-Коргон айыл аймагындагы Уч-Коргон айылынын Х.Дадабаев көчөсүнө жөө жүргүнчүлөр үчүн 1500 метр жол (тратуар) куруу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс мыйзамдарын жетекчиликке алып Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айыл аймагындагы Уч-Коргон айылынын Х.Дадабаев көчөсүнө жөө жүргүнчүлөр үчүн 1500 метр жол (тратуар) куруу үчүн өздүк салым катары 2020-жылдын бюджетинен 1184290 (бир миллион бир жүз сексен төрт миң эки жүз токсон) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Уч-Коргон айылынын Х.Дадабаев көчөсүнө жөө жүргүнчүлөр үчүн 1500 метр жол (тратуар) куруу үчүн бөлүштүрүлгөн акча көлөмүн мыйзам чегинде атайын эсепке которуу жагы айыл өкмөттүн башкы эсепчиси А.Рахматуллаевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уч-Коргон айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Джалалов |