Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезекcиз XIX сессиясы
2019-жылдын 19-июну № 19/9
Оптималдаштырылган мурунку Уч-Коргон балдар уйунун 1,09 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
“Рудаки” орто мектебинин алдындагы оптималдаштырылган мурунку Уч-Коргон балдар үйүнүн 1,09 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансына алуу үчүн Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Оптималдаштырылган мурунку Уч-Коргон балдар үйүнүн 1,09 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансына алып, айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык балдардын эс алуу борбору, бак жана спорт аянтчалары уюштурулсун.
2.Уюштуруу боюнча тиешелуу иш-кагаздарын, пландарын, проекттерин, даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адистерине тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Джалалов |