Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезекcиз XIX сессиясы
2019-жылдын 19-июну № 19/8
Уч-Коргон айыл аймагынын Уч-Коргон айылындагы “А.С.Пушкин” атындагы орто мектебинин эски терезе-эшиктерин жаңы металопластикалык терезе-эшиктерине алмаштыруу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс мыйзамдарын жетекчиликке алып Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Уч-Коргон айыл аймагынын Уч-Коргон айылындагы “А.С.Пушкин” атындагы орто мектебинин эски терезе-эшиктерин жаңы металопластикалык терезе-эшиктерине алмаштыруу үчүн өздүк салым катары 2020-жылдын бюджетинен 1095800 (бир миллион токсон беш миң сегиз жүз) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
2.Уч-Коргон айылындагы “А.С.Пушкин” атындагы орто мектебинин эски терезе-эшиктерин жаңы металопластикалык терезе-эшиктерине алмаштыруу үчүн бөлүштүрүлгөн акча көлөмүн мыйзам чегинде атайын эсепке которуу жагы айыл өкмөттүн башкы эсепчиси А.Рахматуллаевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уч-Коргон айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Джалалов |