Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-августу №185
Кадамжай шаарынын мэриясынын 25.07.2019-ж. №1-59 сандуу катын кароо жөнүндө
Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы А.Назарбаевдин Кадамжай шаарынын мэриясынын 25.07.2019-ж. “Кадамжай шаарынын Пүлгөн, Чалташ, Ташкыя айылдары убагында Орозбеков айыл аймагынын административдик аймагында тургандыгын, союз учурунда жана азыркы убакта бул айылдардын тургундары Анхорсай жана Арпасай жайыттарын колдонуп келе жаткандыктан, аталган жайыттарды айылдык кеңештин сессиясында карап, Кадамжай шаарынын административдик аймагына калтырып берүүнү суранган” №1-59 сандуу катын карап, маселени чечип берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Орозбеков айылдык округунун административдик чек арасын белгилөө долбоору 2011-жылдын 14-декабрындагы №1790 материалына өзгөртүү киргизилсин.
2. 1993-шифр №833/01-93 60 жылдык совхозунун материалындагы Анхорсай участкасы картада белгиленген боюнча Кадамжай шаарынын административдик аймагына калтырылсын.
3. Административдик чек аранын материалын иштеп чыгуу Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынан суралсын.
4. Өзгөрүү болгон карта материалдарды бекитип берүү жагы тиешелүү мамлекеттик органдардан суралсын.
5. Ушул токтомду аткаруу жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |