Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры №188
Кош-Дөбө айылындагы стадионго А.Орозбековдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин мамлекеттик жана саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракесинин урматына Кош-Дөбө айылындагы стадионго Абдыкадыр Орозбековдун ысымын ыйгарууга уруксат сураган билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө айылында жайгашкан стадионго Абдыкадыр Орозбековдун ысымы ыйгарылып, “Абдыкадыр Орозбеков атындагы стадион” деп аталсын.
2. Орозбеков айыл өкмөтү (А.Алиев) “Абдыкадыр Орозбеков атындагы стадиондун” техникалык иш кагаздарына өзгөртүүлөр киргизүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканаларга кат жолдосун.
3. Орозбеков айыл өкмөтү (А.Алиев) А.Орозбековдун 130 жылдык мааракесине чейин стадиондун жаңы аталышы боюнча көрнөктү жаздырып илсин.
4. Ушул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Орозбеков айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |