Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры №189
“Орозбеков айылынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин А.Орозбековдун 130 жылыгына карата Орозбеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымдарын кошкан атуулдарга “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Орозбеков айылынын ардактуу атуулу” наамына айыл аймагындагы 7 (жети) жамааттан бирден атуул көрсөтүлсүн.
2. А.Орозбековдун 130 жылдык мааракесине даярдык көрүү жана уюштуруу боюнча штабдын курамы өз отурумунда “Орозбеков айылынын ардактуу атуулу” наамын ыйгарууга татыктуу талапкерлерди сунуштасын.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |