Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры №190
Тарыхый инсан Асан уулу Исхактын (Полотхан) 175 жылдык мааракесине карата иш-чара уюштуруп өткөрүү жөнүндө
Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы А.Назарбаев тарыхый инсан Асан уулу Исхактын (Полотхан) 175 жылдык мааракеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн юбилейлик иш-чараларына киргизилгендигин, учурда бул улуу инсандын мааракесине карата “Бостон Ордо” коому тарабынан даярдыктар көрүлүп жаткандыгын билдирди.
Айылдык кеңештин депутаттары тарыхый инсан Асан уулу Исхактын (Полотхан) 175 жылдык мааракесин айыл аймагында белгилеп, иш-чара уюштуруп өткөрүү боюнча өз ой-пикир, сунуштарын талкуулап чыгып,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тарыхый инсан Асан уулу Исхактын (Полотхан) 175 жылдык мааракеси Орозбеков айыл аймагында белгиленип, иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлсүн.
2. Мааракеге карата даярдык көрүү жана уюштуруп өткөрүү боюнча штабдын курамы “Бостон Ордо” коому менен биргеликте Асан уулу Исхактын 175 жылдык мааракесин уюштуруп өткөрүүнүн иш-чара планын иштеп чыксын.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө (А.Алиев) жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |