Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз алтынчы сессиясы
2019-жылдын 24-октябры №193
Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдында “Орозбеков-Таза суу” муниципалдык ишканасын ачууга уруксат берүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алиевдин айыл тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жана айыл аймагындагы таза суу резервуарларын, ичүүчү таза сууга тартылган суу түтүктөрүн оң абалда кармап, өз убагында техникалык каражаттар менен камсыз кылып, ремонт иштерин жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн алдында “Орозбеков-Таза суу” муниципалдык ишканасын ачууга уруксат сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдында “Орозбеков-Таза суу” муниципалдык ишканасын ачууга уруксат берилсин.
2.“Орозбеков-Таза суу” муниципалдык ишканасына тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жана Баткен облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө (А.Алиев) милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укуктук-административдик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |