Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз жетинчи сессиясы
2019-жылдын 13-декабры №194
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укуктук мамилелер боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө Келишимди бекитип берүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укуктук мамилелер боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Келишимди бекитип берүү жөнүндө Мамлекеттик салык кызматынын Кадамжай району боюнча бөлүмүнүн кайрылуу катын угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укуктук мамилелер боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө Келишим бекитилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ушул бекитилген Келишимге негиз жүргүзсүн.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |