Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз жетинчи сессиясы
2019-жылдын 13-декабры №195
А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн 2019-жылдын 9 айында аткарылыш абалы жөнүндө
А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовдун жериликтүү бюджеттин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн 2019-жылдын 9 айында аткарылыш абалы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн 2019-жылдын 9 айына карата аткарылыш абалы канааттандырарлык деп табылсын (тиркеме тиркелет).
2. Орозбеков айыл өкмөтүнө (А.Алиев, З.Максутов) жергиликтүү бюджетке келип түшкөн акча каражатын өз багытында максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |