Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз жетинчи сессиясы
2019-жылдын 13-декабры №196
А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдындагы “Орозбеков -Таза суу” муниципалдык ишканасынын 2020-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдындагы “Орозбеков-Таза суу” муниципалдык ишканасынын директору Т.Матысаковдун 2020-жылга карата ишкананын киреше, чыгаша бөлүктөрүн бекитип берүү жөнүндөгу кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдындагы “Орозбеков-Таза суу” муниципалдык ишканасынын киреше, чыгаша бөлүктөрү бекитилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтү (А.Алиев, З.Максутов) “Орозбеков-Таза суу” муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата киреше, чыгаша бөлүгүн жергиликтүү бюджетке киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына (М.Шаравидинов) жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |