Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-декабры №197
“Бактылуу балалык” балдар бакчасынын жаңы имаратынын курулушуна макулдук берүү жөнүндө
Орозбеков айыл аймагында жайгашкан “Бактылуу балалык” балдар бакчасы “С.Тешеев” атындагы орто мектебинин эски имаратына ачылган. Азыркы күндө мектеп окуучуларынын саны көбөйүп, тыныгуу учурунда балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын тынчын алып жаткандыктан, балдар бакчасынын жаңы имаратын өзүнчө куруу зарылдыгы келип чыгууда. Бул маселе боюнча балдар бакчасынын башчысы С.Мамарасулова айылдык кеңешке кайрылуу жасаган.
Орозбеков айылдык кеңеши “Бактылуу балалык” балдар бакчасынын башчысы С.Мамарасулованын кайрылуу катын угуп жана талкуулап чыгып,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. А.Орозбеков айыл аймагында жайгашкан “С.Тешеев” атындагы орто мектебинин аймагынан “Бактылуу балалык” балдар бакчасынын жаңы имаратынын курулушуна жер аянты ажыратылып, курулуш иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнө (А.Алиев) балдар бакчасына тийиштүү иш кагаздарын даярдатуу жагы тапшырылсын.
3. Орозбеков айыл өкмөтү (А.Алиев) “Бактылуу балалык” балдар бакчасынын курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен сырткары кошумча каржы булактарын издеп тапсын.
4. Ушул токтомду аткаруу жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |