Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-декабры №198
Орозбеков айыл аймагынын Назарамин участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондунан турак жай курууга жер аянтын которуштурууга (трансформация) макулдук берүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А.Акматовдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-ж. №512 токтомуна ылайык Орозбеков айыл аймагынын Назарамин учаткасындагы №248-контурдагы 18,75 га. кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянтын турак жай куруу үчүн которуштурууга макулдук берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана айыл тургундарынын турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө арыздарын карап жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Орозбеков айыл аймагынын Назарамин участкасындагы №248-контурдагы кайра бөлүштүрүү фондунун 18,75 га. жер аянтын турак жай куруу үчүн которуштурууга (трансформация) макулдук берилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнө (А.Алиев) КБФнан турак жай куруу үчүн которуштурууга макулдук берилген жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |