Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз тогузунчу сессиясы
2019-жылдын 25-декабры №200
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетин жана 2021-2022- жылдарга карата бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовдун Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолдуу көлөмү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2020-жылгы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 19524,5 мин сомго, чыгаша бөлүгүнун аткарылуусу 19524,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2020-жылгы бюджетинин киреше бөлүгү атайын каражатсыз 17105,2 миң сом, чыгашалар боюнча жетишпестигин эске алуу менен 17105,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2020-жылга атайын каражаттар боюнча киреше жана чыгаша бөлүгү 2419,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4.2021-жылга Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылануучу мекеме- ишканалардын жылдык бюджетинин долбоору атайын каражатсыз 17567,5 мин сом бекитилсин.
5.Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2021-жылга атайын каражаттар боюнча киреше жана чыгаша бөлүгү 2419,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
6.Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2022-жылга атайын каражатсыз киреше жана чыгаша бөлүгү 17657,9 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
7.Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2022-жылга атайын каражаттар боюнча киреше жана чыгаша бөлүгү 2419,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
8.2020-жылга Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылануучу чыгымдары, анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча эмгек акы, соц. фонд чегерүүлөрү, тамак- аш, коммуналдык кызмат беренелерине чыгымдоолор жүргүзүлсүн.
9.Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2020-жылгы бюджетинен чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар, штаттык бирдиктер нормативдик актылар өзгөргөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
10.Айыл өкмөтүнө бюджеттик мекеме, уюмдар тарабынан бюджеттик каражаттарды регионалдык казына бөлүмүнө кириштелбей туруп, сарптоого тыюу салынсын.
11.Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралган бюджети 2020-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
12.2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |