Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №203
Инвестициялык долбоорлорду даярдоо үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Орозбеков айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Ш.А.Матисаевдин Күлдү айылында жайгашкан “Бостон” чайханасынын аймагындагы муниципалдык менчикке катталган жер аянтына социалдык обьектилерди куруу максатында инвестициялык долбоор жана сметасын даярдатуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө 23.12.2019-жылдагы 304 сандуу арызын угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Күлдү айылында жайгашкан “Бостон” чайханасынын аймагындагы муниципалдык менчикке катталган жер аянтына социалдык обьектилерди куруу максатында инвестициялык долбоор жана сметасын даярдатуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Орозбеков айыл өкмөтүнө (А.Алиев, А.Акматов) айыл аймагынын Күлдү айылына социалдык обьектилерди куруу үчүн тийиштүү иш кагаздарын даярдап бүткөрүү жагы тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына (М.Шаравидинов) жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |