Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №204
“Орозбеков айылынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты Ж.Досматовдун айыл өкмөтүнүн башчысы Алиев Алтынбек Ганыевичтин бир топ жылдар бою Орозбеков айыл өкмөтүндө жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Кадамжай райондук бөлүмүндө өз кесиби боюнча үзүрлүү эмгектенгендигин, тунгуч мамлекет башчысы А.Орозбековдун 130 жылдык мааракесин респбликалык масштабда жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүүдөгү аракеттерин эске алып, “Орозбеков айылынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Алиев Алтынбек Ганыевичке “Орозбеков айылынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Орозбеков айыл өкмөтүнө “Орозбеков айылынын ардактуу атуулу” төш белгисин жана күбөлүгүн даярдатуу жагы тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ш.Матисаев) жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |