Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №205
Милициянын аймактык бөлүмчөсүнө (УПМ) имарат курууга уруксат берүү жөнүндө
Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы О.А.Кочкоровдун А.Орозбеков айыл аймагында укук бузуучулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жаңыдан кошумча штат бөлүнгөндүктөн, элдерди жеринда кабыл алып, иш алып баруу үчүн №6-административдик участкага милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн (УПМ) имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү 19.12.2019-ж. №7 / 6991 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. А.Орозбеков айыл аймагынан №6-административдик участкага милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн (УПМ) имаратын куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. А.Орозбеков айыл өкмөтүнө (А.Алиев) тийиштүү иш кагаздарын даярдап, бүткөрүү жагы тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Досматов) жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |