Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №209
Орозбеков айылдык кеңеши БУУӨПсын “Баткен облусунун климаттык туруктуулугун “акылдуу климаттык” сугарууну жана селден коргоочу иш-чараларды жайылтуу аркылуу күчөтүү” долбоорунун алкагында даярдалып жаткан “Кайыңды-Охна” каналынын Оро-Башы участкасындагы селедуктарын реабилитациялоо жана селдерге каршы иш-чараларын өткөрүү долбоорун карап чыгып,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Келерки 2020-жылдын бюджетинен “Кайыңды-Охна” каналынын Оро-Башы участкасындагы селедуктарын реабилитациялоо жана селдерге каршы иш-чараларын өткөрүү долбоорун аткаруу үчүн, жергиликтүү салым катары 297 440 (эки жүз токсон жети миң төрт жүз төрт) сом бөлүнсүн.
2. Долбоордун аткарылышы Орозбеков айыл өкмөтүнө (А.Алиев) жана “Кайыңды-Охна” СПАсына (Х.Кичибаев) жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назарбаев. |