Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №27/4
Тамаша айылындагы таза суунун башын атайын тосмо менен тосууга жер аянтын берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамаша айылындагы таза суунун башын атайын тосмо менен тосууга жер аянтын берүү үчүн жер аянтын жеринде барып карап чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Манасбаевге тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Көтөрмө айыл аймагынын айыл Кеңешинин төрагасы: | Айтмат уулу Акжол |