Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты №30/1
“CASA-1000” долбоору жөнүндө
“CASA-1000” долбооруну ишке ашыруу жөнүндө кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагынан өтүүчү 500 КвТ электр аба чубалгысын орнотуу үчүн Масалиев айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “CASA-1000” долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы 500 КвТ электр аба чубалгысын орнотуу үчүн тирөөчтөрүнүн саны 28 даана болуп жалпы ээлеген жер аянтынын өлчөмү 10719 ч.м экендиги белгиленсин.
2. “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн 10719 ч.м жер аянтын 49 жылдык мөөнөт менен Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагынан ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
3. Долбооруну ишке ашырууга жакындан жардам берүү максатында айыл ичиндеги калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Электр чубалгыларына жакын жайгашкан имарат жана турак жай ээлерине долбоордун аткарылышы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, турак-жай жана ээлеген участогунун иш кагаздарын тактоодо жакындан жардам көрсөтүлсүн.
5. Масалиев айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б.Махмудовго долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
А.Масалиев айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Абдурахманов |