Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы № 6
Исфана шаар мэриясына караштуу “Жасмин” балдар бакчасына жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясына караштуу “Жасмин” балдар бакчасына Токтогул орто мектебинин аймагынан жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясына караштуу “Жасмин” балдар бакчасына Токтогул орто мектебинин аймагынан 2800,0 м2 жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына ылайык жүргүзүү жагы Исфана шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Тагаев |