Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы № 7
Исфана шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Исфана шаардык Кеңешинин “Исфана шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө” Жобосунун 2-бөлүмүнүн 2.2-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Сатарова Орозгуль Камчиевнага жана Исабеков Умарали Исабековичке Исфана шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин жана күбөлүк менен төш белги ыйгарылсын.
Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият,мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Тагаев |