Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №3
«Исфана шаарынын башкы планын бекитүү жөнүндө»
Исфана шаарынын башкы планын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзымынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын Башкы планы жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин. (Башкы план тиркелет).
2. Шаардын башкы планына толуктоолорду жана чектөөлөрду тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык киргизүү жагы Исфана шаарынын мэри А.Н.Хамраевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
(Тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивинде сакталат)
Тѳрага | Б.И.Тагаев |