Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №4
«Исфана шаардык Кеңешинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө»
Исфана шаардык Кенешинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзымынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кенешинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш планы жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин. (Иш план тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысы З. Туяковго, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн жана иш пландын негизинде иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Тагаев |