Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №6
«Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” Жобонун 2-бөлүмүнүн 7-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер сунуш кылынсын. ( Талапкерлердин тизмеси тиркелет).
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
(Тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивинде сакталат)
Тѳрага | Б.И.Тагаев |