Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-февралы №3
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жыл ичинде аткарылышы жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекташовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекташовдун 2019-жыл ичинде аткарган иштери айрым кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2.Айыл өкмөтүндө аткарылган иштердин сапаттуулугун карап тендердик комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жарандардын арыздарын өз убагында чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине
тапшырылсын.
4. Айыл өкмөтүнө караштуу кайрак жерден ижарага берилүүчү 1000га жер аянтын элге жетиштүү маалыматты жеткирүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Бекташовго тапшырылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | И.Тилеков |