Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-февралы №4
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2020- жылга чыгаша бөлүгүн бекитүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн иш чаралар боюнча бекитүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Эрматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашалар иш чаралар боюнча 19 442,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2020-жылдын 1-январына карата калган 885 786,88(сегиз жуз сексен беш мин жети жуз сексен алты сом 88 тыйын), ал эми атайын эсебинде калган 500(беш жуз) сом калдыктары кириштелсин.
3.Кириштелген акча каражаттарды төмөнкүдөй жумуштарга жумшалсын.
- Башкаруу аппаратынын 2215 ар турдуу кызмат көрсөтүүлөр беренесине -571 125сом
-2222ар турдүү сатып алуулар беренесине-44 877сом
-2221-кезектеги оңдоо беренесине 40 785
-3111-имараттар жана курулмалар беренесине-229 000сом
-Башкаруу аппаратынын атайын эсебинен 2215 беренесине 500сом
-Балдар бакчалары бөлүмүнүн 2218 тамак-аш продукталарын сатып алуу беренесине 179 391сом
4.Балдар бакча бөлүмүнүн атайын эсебине 1423 беренесине ата-энелерден салым катары жыйналуучу жыйым, 2020-жылга 856 000сомго көп жыйналарына байланыштуу, жогорудагы сумма кириштелип, 2218 тамак-аш продукталарын сатып алуу беренесине жумсалсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | И.Тилеков |