Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-марты №29/124
Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдонгон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2019–жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин отчету жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
2019–жылда шаардын 2017–2020–жылдарга туруктуу өнүгүү стратегиясын жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин шаардын социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча кабыл алынган 4 жылдык Программасын аткаруунун үстүндө иш жүргүзүлүп, 2019–жыл ичинде шаардагы бардык өнөр-жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субьектилери социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ натыйжалуу иштерди алып барышты.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнүн 6)–пунктуна жана 44–беренесинин 1–бөлүгүнүн 8)–пунктуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдонгон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2019–жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин отчету «канааттандыраарлык» деп табылсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын 2019–жыл ичинде мекеме–ишканалар, уюмдар, комитеттер, башкармалыктар жана башка чарбалык субьектилер тарабынан кабыл алынган социалдык–экономикалык жана маданий көрсөткүчтөрдү камсыз кылууда кемчиликтердин болгону белгиленсин жана быйылкы жылы аларды толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардагы мекеме–ишканалардын, уюмдардын, комитеттердин, башкармалыктардын жана башка чарбалык субьектилердин жетекчилерине жүктөлсүн.
3. Менчигинин түрүнө карабастан акционердик коомдордун жана башка чарбалык субьектилердин жетекчилерине экономикалык өсүп өнүгүүгө жетишүү үчүн конкреттүү чараларды көрүү жагы сунуш кылынсын.
4. Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевге милдеттендирилсин:
– макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө, кээ бир аткарылбай калган параметрлерди аткарылышын камсыз кылуу үчүн керектүү чараларды колдонуу жана инвестицияларды тартуу жагы;
– шаардын социалдык инфраструктурасынын өсүп–өнүгүүсү үчүн жергиликтүү бюджеттин жетишсиздигин эске алып, аны толуктоо максатында, түрткү берүүчү гранттарды тартууну активдештирүү жагы;
– шаардын тургундарын, чарбалык субьекттерди суу, электроэнергия жана жылуулук менен, айрыкча кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жагы;
– божомол аналитикалык эсептөөлөр боюнча салыктардын бюджетке, камсыздандыруу төлөмдөрдүн өз убагында жана толук түшүүсүн камсыз кылуу жана кошумча булактарды табуу жагы;
– шаардын пенсионерлерине пенсияларды өз убагында чегерүүнү жана төлөп берилишин камсыз кылуу, пенсияга чыгуу үчүн документтерди кабыл алуу боюнча жаӊы киргизилген эрежелердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы;
– шаардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө социалдык паспортторду толтуруу жана аларга жөлөк пулдарды чегерүүдө, сүйүнчүлөрдү берүүдө орун алган кемчилдиктерди четтетүү, шаар калкын жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча тийиштүү иш чараларды жүргүзүү жагы;
– шаардын тургундарына алгачкы медициналык–санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында “Медициналык тез жардам” атайын жаӊы автоунааларын Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги жана демөөрчүлөр аркылуу сатып алып келүү боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү, шаардагы жалпы балдардын өлүм көрсөткүчтөрүн, СПИД, туберкулез жана башка жугуштуу оорууларды азайтуу боюнча чараларды көрүү жагы;
– шаарда спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жаштарды спорт жана дене тарбия менен машыгууга тартуу жана аларга спорт менен машыгууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүү жагы;
– шаарда укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтүүгө жана шаардагы коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү жагы;
– Европа Биримдигинин жана Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын каржылоосунда Кызыл-Кыя шаарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу, «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын техникалык базасын чыңдоо багытында ишке ашырылып жаткан долбоорду ишке ашырууда шаардагы суу берүүчү ички түтүктөрүн жана сыркынды суулар түтүктөрүн алмаштыруу иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүнө өзгөчө көзөмөлгө алуу жагы;
– билим берүү тармагында мектептерге жана балдар бакчаларына балдарды кабыл алууда “Электрондук кезек” системасын киргизүү, муктаж болгон мектептерди капиталдык ремонттон өткөрүүгө республикалык программага киргизүү боюнча иш аракеттерди жасоо жагы;
– калктын саламаттыгын сактоого кам көрүү, азыркы мезгилде дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттерде тарап жаткан «коронавирус» илдетинин шаарда таркалышына бөгөт коюу максатында, бардык санитардык гигиеналык талаптардын сакталышын камсыз кылуу жана эпидемияга каршы иш чараларды жүргүзүү жагы;
– акыркы жылдары шаар калкы үчүн көйгөйлүү маселелердин бири болгон “кутурма” оорусунун алдын алуу максатында, шаардагы жолбун иттерди өз убагында аттыруу иштерин жүргүзүү жагы;
– шаардын архитектуралык жактан көрүнүшүн жакшыртуу максатында, шаардын Башкы планын тез арада сапаттуу даярдалышын камсыз кылуу жана мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө иштерин күчөтүү жагы;
– шаардын Кыргызстандын 60 жылдыгы көчөсүнөн тартып, Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгы көчөсүнүн башталышына (шаардык ЗАГСка) чейинки муниципалдык жерлер жана Ак-Булак айылындагы клубдун айланасындагы жерлер көрктөндүрүлүп, күркө жана соода түйүндөрүн курууга уруксат бербөө жагы;
– «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 41–беренесинин 1–бөлүгүнүн 6)–пунктуна негиз, шаардын аймагындагы жерлерди ижарага берүү, сатуу иштерин шаардык кеӊеш бекиткенден кийин жүргүзүү жагы;
5. Ушул токтом шаардык “Мезгил жарчысы” газетасы аркылуу чагылдырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрайымы У.Дариповага жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |