Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXV сессиясы
2020-жылдын 21-февралы № 119
Сүлүктү шаарынын тазалыгын камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү-Тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө
Сүлүктү шаарынын тазалыгын камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү-Тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси К. Мадаминовдун, шаардык кенештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарынын негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси К. Мадаминовдун 2019-жылга аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелсин
2. “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси К.Мадаминовго төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
- Шаардагы таштандыларды тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштардын өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы
- Шаардын аймагында таштанды таштоочу жайлардын курулушун жана контейнер орнотуу иштерин аягына чейин бүтүрүү
- Шаардын аймагындагы жолдун боюндагы арыктардын абалын жакшыртуу иштерин жүргүзүү
- Шаардын аймагындагы жолбун иттерди атуу иштерин уюштуруу
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси К.Мадаминовго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Исмаилов |