Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы №5
Баткен шаарынын тургуну Баткен шаарынын мэри М.Т.Рахимовго Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Баткен шаардык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги V сессиясынын 2009-жылдын 10-июндагы «Баткен шаарынын жамаатынын мүчөлөрүнө «Шаардын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосун бекитүү жөнүндөгү №6-5 токтомунун 2.3; 3.1; пункуттарына ылайык жана Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясында шаардык жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 9 айлыгынын жыйынтыгында шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы сунушунун, Баткен шаардык Кеңешинин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралдагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын мэри Рахимов Мамыржан Тойчуевичке Баткен шаарынын социалдык экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүнө, шаардын инфраструктурасын жакшырышына, шаар калкын турмуш шартын жакшырышына шарт түзгөндүгү жана 2019-жыл ичинде бюджеттин киреше жагын ашыгы менен аткаргандыгы, муниципалдык кызматты аткарууда мыкты жүргүзгөндүгү үчүн Баткен шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2.Баткен шаарынын калкына шаардык «Өрүк зар» коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |