Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-февралы №9
Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун Ынтымак көчөсүнүн тургуну М.Кожоевдин менчик турак жай участогун «Мечит куруу» үчүн өз ыктыяры менен Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД балансасына өткөрүп берүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 1, 5- пункуттарына жана Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун Ынтымак көчөсүнүн №23 Кожоев Мураттын №Ч 893285 Мамлекеттик номердеги жеке менчик турак жай участкасын өз ыктыяры менен ММД балансасына өткөрүп берүү жөнүндөгү арызына макулдук берүү максатында Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун Ынтымак көчөсүнүн №23 Кожоев Мураттын №Ч 893285 Мамлекеттик номердеги 0,08 га өлчөмүндөгү жеке менчик турак жай участкасын өз ыктыяры менен ММД балансасына өткөрүп берүү жөнүндөгү арызына макулдук берилсин.
2.Кызыл-Жол АТОсундагы «Мечит куруу» үчүн 0,08 га өлчөмүндөгү жер аянтын ММД балансасына кабыл алуу иштерин жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом Баткен шаарынын расимий сайтына жайгаштырылсын жана мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен областтык юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куру, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |