Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-марты №154
Бешкент айыл өкмөтүндө чарбалык китептердеги маалыматтарды электрондук «Айыл» программасына киргизүү үчүн акы төлөөгө макулдук берүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Р.Т.Султоновдун чарбалык китептердеги маалыматтарды электрондук программага киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүндө чарбалык китептеги элдердин маалыматтарын электрон-дук «Айыл» программасына киргизүү жана тактоо ишине 10 000 ( он миң) сом акча каражатын Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Каржылоону камсыз кылуу Бешкент айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Эргашев Б га тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |