Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-марты №155
Бешкент айыл аймагына караштуу айылдардын көчөлөрүндөгү турак-жайларга табличкаларды даярдоо үчүн акча каражатын болуп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевтин Бешкент айыл аймагына караштуу айылдардын көчөлөрүндөгү турак-жайларга табличкаларды даярдоо жөнүндөгү билдирүү-сүн угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл аймагына караштуу айылдардын көчөлөрүндөгү турак-жайларга табличкаларды даярдоо үчүн 185 (жүз сексен беш) миң сом акча каражатын Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Каржылоону камсыз кылуу Бешкент айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Эргашев Б га тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |