Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 32-сессиясы
2019-жылдын 27-июлу №167
Бешкент айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн 2019-жылдын алты ай ичинде аткарылышы жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын көрсөткүчтө-рүнүн 2019-жылдын алты айдын ичинде аткарылышы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Мусаев Кубатбектин маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрү боюнча 2019-жылдын алты айдын ичинде аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. Бешкент айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, айыл-кыштактарда инфраструктурасын жакшырышы боюнча туруктуу өнүгүү программасында кабыл алынган объекттердин бүткөрүлүүсү алардын ар биринин план боюнча аткарылышы канаатандырарлык экендиги белгиленсин.
3. Бешкент айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын аткаруу үчүн талапты күчөтүү, орун алган кемчиликтерди тез арада жоюу, ички жана тышкы резервдерден толук пайдалануу баардык чарба жүргүзүүчү субъекттерге тапшырылсын.
4. Бешкент айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын алты ай ичинде социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү маалыматтарды райондук статистика комитетине квартал сайын отчеттук айдын акыркы күнүнө чейин билдирип туруу тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |