Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июлу №168
Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын алты ай ичинде аткарылышы жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын алты айдын ичинде аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Эргашев Бунёдтин маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын алты айлыгында жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 5426,4 мин сомду, ал эми чыгаша бөлүгү 7576,0 мин сом экендиги белгиленсин.
2. Бешкент айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн планы 100,3 % ке аткарылса, чыгаша бөлүгүнүн планы 83,8 % аткарылгандыгы үчүн канаатандырарлык деп табылсын.
3. Бешкент айыл өкмөтүндө салык боюнча план жалпысынан ашыгы менен аткарылган болсо дагы кээ бир салык түрлөрү боюнча пландар төлөнбөй жатканы боюнча айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Эргашев Б дан жоопкерчилик суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |