Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июлу №169
Бешкент айыл өкмөтүндөгү айылдарга инвестиция тартуунун абалы жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүндөгү айылдарга инвестиция тартуунун абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Алимбеков Каныбектин маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын алты айлыгында айылдарга инвестиция тартуунун абалы канаатандырарлык деп табылсын.
2. Бешкент айыл өкмөтүндөгү айылдарга инвестиция тартууну күчөтүүнү жолго коюу жагы Бешкент айыл өкмөтүнүн башчыснын орун басары К.А.Алимбековко жана тийиштүү адистерге жүктөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |