Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июлу №170
Бешкент айыл өкмөтүнүн 2019 – жыл жергиликтүү бюджети үчүн кошумча түшкөн каражатты боюнча айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Б.Эргашевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн 2019 – жылга жергиликтүү бюджети үчүн кошумча түшкөн 274 миң сом каражатты бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн балдар бакчасы разделына 3111 эсеп статьясына 250 миң сомду, 2721 эсеп статьясына 24 миң сомду, арыктар-ды өңдөө үчүн 2215 статьясына каралган 650 миң сом каражатты 3111 статьясына которуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бешкент айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Б.Эргашевке тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |