Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июлу №171
Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу “Чабалекей” балдар бакчасына жаңы толук смендүү тайпа ачуу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу “Чабалекей” балдар бакчасына жаңы толук смендүү тайпа ачуу үчүн “Чабалекей” балдар бакчасынын директору Л.А.Набиеванын Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевке берген сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу “Чабалекей” балдар бакчасына жаңы толук смен-дүү тайпа ачуу үчүн макулдук берилсин.
2. Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу “Чабалекей” балдар бакчасына жаңы толук смен-дүү тайпа ачуу үчүн балдар бакчасынын жанындагы Хамражонов Фарходга караштуу менчик имаратын келишим негизинде ижарага алып, ижара акысын жергиликтүү бюджеттин эсебинен ай сайын 10 (он) миң сом төлөп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |